Бүгүн 14-июль күнү Жайыл районунун Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында “К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде Mersedes Benz жана Lexus RX300 үлгүсүндөгү автоунаалар бузулуп калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жеринде нөөмөттө турган Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматы куткаруу тобу тартылып, унааларды чыгарып беришкен.
Жабыркагандар жок.