Ала-Букада 5 жашар кызга ыплас аракеттерди жасаган киши кармалды

Ала-Букада 5 жашар кызга ыплас аракеттерди жасаган киши кармалды

Ала-Бука районунда кичинекей кызга ыплас аракеттерди жасаган деп шектелген адам камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад облустук милициясы Reporter.kg′ге билдирди.

Маалыматка караганда, 14-июль күнү Ала-Бука райондук милицияга Ала-Бука районунун 32 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, анда 2022-жылдын 13-июль күнү саат 16:00 чамасында 5 жашар кызын азиат улутундагы жашы 35-40 чамасындагы белгисиз жаран үйүнүн жанындагы дүкөнгө алып кирип, ал жерден балмуздак жана шириндиктерди алып берип, жакын жерде жайгашкан бакка ээрчитип кирип, ыплас аракеттерди жасаган — деп билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган арыз Ала-Бука РИИБдин Кылмыштардын Бирдиктүү Реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 158-беренеси (Ыплас аракеттер) менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган жана жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча тиешелүү тапшырмалар берилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш чаралардын натыйжасында, Ала-Бука районунун 40 жаштагы тургуну К.Н. тергөөгө камсыздалып, суракка алынган жана ага карата шектүү катары кабарлама берилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жазык Ппрлцессуалдык Кодексинин 96-бер. негизинде Ала-Бука РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>