Тоолуу райондордо кар жаайт. 24-мартка карата аба ырайы

Тоолуу райондордо кар жаайт. 24-мартка карата аба ырайы

Кыргызстанда 24-мартка карата аба ырайы.

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +8…+13

күндүз +12…+17

Талас облусу

түнкүсүн +5…+10

күндүз +12…+17

Баткен облусу

түнкүсүн +11…+16

күндүз +16…+21

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +11…+16

күндүз +16…+21

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +12…+17

Нарын облусу

түнкүсүн -1…+4

күндүз +11…+16

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° жылуу болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>