Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Тоолуу райондордо кар жаайт: Бүгүнкүгө карата аба ырайы
12.09.2022 | 09:18
Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы кескин төмөндөп: 12-13-сентябрларда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9 градус, күндүз 18…23 градус, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7градус, күндүз 17…22 градуска чейин болушу күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом