Жогорку Кеңештин төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Бишкектеги төрт райондун аталышын өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-ноябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында айтты.
Жыйында өлкөдөгү бир нече облустагы айылдардын аттарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан. Мыйзам долбоору боюнча Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин жетекчиси Кудайберген Базарбаев баяндама жасады.
Нурбек Сыдыгалиев аталган агенттик айыл аттарын өзгөртүү үчүн улам бирден мыйзам алып келип жатканын айтып, антип отурбай, баарын бир мыйзам менен кароону, анын ичинде Бишкектеги район аттарын өзгөртүүнү сунуштады.
Ал Базарбаевди борбор калаадагы райондорго кандай, кимдин аттарын коюуга болорун карап, мыйзам долбоорун алып келүүгө үндөдү.
Бишкектеги төрт район Свердлов, Ленин, Биринчи май жана Октябрь деп аталып келет. Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев жана башка депутаттар да райондордун аталышын өзгөртүү керектигин айтып чыгышкан.
Депутат Бишкектеги төрт райондун аталышын өзгөртүүнү сунуштады