Төрт мезгилде эс алуу! Орловкада өзгөчө аттракцион ишке кирди

Төрт мезгилде эс алуу! Орловкада өзгөчө аттракцион ишке кирди

Кыргызстанда 2025-жылкы туристтик сезон ачылды. Эс алуу жана оюн-зоок борборлору өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында өз ишин баштады.
Ал эми кээ бир аймактарда жыл бою эс алуунун түрлөрү өнүгүп жатат.

Маселен, Кемин районундагы Орловка лыжа базасында өзгөчө аттракцион ачылды.

Кардын жаашын күтпөш үчүн аталган эс алуу борборунда жай мезгилинде көңүл ача турган оюн-зооктун жаңы түрү ачылды. Анда ачылган чана менен жүрүүчү канаттык жолдун узундугу 860 метрди түзөт. Бул Кыргызстан боюнча эң узун трасса.
Дөңгөлөктүү атайын чаналарда шамал менен термелүү чоңдорго гана эмес, балдарга да сонун эмоция тартуулайт.

Чаналардагы атайын тормоздор ылдамдыкты жөнгө салууга мүмкүндүк берет, демек, аны саатына 70 кмге чейин айласа болот.

Жайында чана тебүү укмуштуудай эмоция тартуулап, Орловка аймагынын кереметтүү пейзажын бийиктиктен көрүү мүмкүнчүлүгүн камтыйт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>