Министрлик мектептерде стоматология бөлмөлөрүн ачуу пландоодоЖогорку Кеңешке шайлоо. Каирде биринчи жолу шайлоо тилкеси ачылатОш шаарында таза суу бир суткага өчүрүлөтЧүйдөгү №2 аялдар абагындагы кемчиликтер жоюлуп, шарттар жакшыртылдыБишкекте 63 жаштагы аял жол кырсыгынан каза болду. Айдоочу изделүүдөМүмкүнчүлүгү чектелген жарандар мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат
Транспорт министрлигинин 12 кызматкери коррупцияга шектелип кармалды
11.06.2020 | 13:13
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси жана «Сосновка», «Кара-Көл» тоннель бекеттеринин башчылары кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы (Финполиция) кабарлады.
Финполиция иликтөө иштерин Транспорт министрлигинин бөлүмдөрүндө аныкталган ири коррупциялык схемага ылайык жүргүзгөн. Анын алкагында министрликтин структуралык бөлүмдөрүнүн 12 жооптуу кызматкери кармалган. Алар казынага алдын ала эсептөөлөр боюнча 20 миллион сомдон ашык чыгым келтиришкен.
Учурда бул коррупциялык схемасына тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар