Акча алмаштыруу жайларын жабууну сунуштаган депутат айтылган сындарга жооп кайтарды

Акча алмаштыруу жайларын жабууну сунуштаган депутат айтылган сындарга жооп кайтарды

Акча алмаштыруучу жайларды жабуу тууралуу мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Гүлшат Асылбаева айтылган сындар боюнча түшүндүрмө берди.

Эл өкүлү 11-июнда парламент жыйынында сүйлөп жатып, акча алмаштыруучу жайлар кирешесин жашырып 3 эсе аз көрсөтөрүн айтты. Эгер мыйзам долбоору колдоо тапса, аталган  жайлардагы көмүскө экономика ачыкка чыгып, мамлекеттик казынага көп суммадагы акча түшмөк.

«Акча алмаштыруучу жайлар тууралуу мыйзам долбооруна кичине түшүндүрмө берип кетейин. Анткени азыр акча алмаштыруучу жайлар боюнча өтө көп талкуулар жүрүп ар кандай пикирлер айтылып жатат.   Бизге кат келди мындай сандар менен акча алмаштыруучу жайлардын ишинен  100 миллион сомдон ашык акча түшүп, 10 миллиондон ашык киреше табышат.  Мен дароо айтып коён, расмий сандар мындан 3 эсе аз.  Бар болгону бир жылда 38 миллион гана түшсө, киреше салыгы тууралуу так маалыматтар жок дейт», —  депутат айым

Мындан сырткары эл өкүлү аталган маселе туура эмес чечмеленип жатканын айтты. Ал мыйзам долбоору акча алмаштыруучу жайларды жабууну эмес мамлекет менен өнөктөш болуунун башка, ачык формасын гана сунуштап жатканын билдирди.

«Акча алмаштыруучу жайлардын жүгүртүүсү 733 млрд долларды түзөт. Ошол эле учурда патенттер 6 миң сомдон 10 миң сомго чейин турат. Менин оюмча бул суммалар бири-бирине ылайык, келбейт. Эгер акча алмаштыруучу жайлар  бир эле пайызын төлөй турган болсо бюджетке 7 млрд салык төлөшмөк», — дейт Асылбаева.

Апрель айында Гулшат Асылбаева башында турган Жогорку Кеңештин беш депутаты Кыргызстанда акча алмаштыруучу жеке бюролорду жабуу тууралуу  мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышкан.

Эл өкүлдөрү тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоорго бир катар сын пикирлер айтылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>