Троллейбус башкармалыгы жумушчуларды ишке чакырат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек троллейбус башкармалыгы адистерди кабыл алууну жарыялайт.
Төмөнкү адистиктер боюнча бош орундар бар:
— Троллейбус айдоочу
— Жеңил унаа айдоочусу
— Катчы (секретарь)
— Электронщик
— Электр монтер
— Электрик
— Токарь
— Инженер
— Фрезировщик
— Энерго чарбанын жетекчиси.
Тажрыйбалуу жана кесипкөй кызматкерлер талап кылынат. Айлык келишим боюнча. Байланыш номуру: 65-75-90
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз