Канча күн кар жаайт? 14-декабрга чейинки аба ырайы

Канча күн кар жаайт? 14-декабрга чейинки аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы Кыргызстандын аймагында 14-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу

8-декабрда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. 9-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

10-декабрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

10-декабрда күндүз жана 11-14-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаары

8-декабрда кар жаашы мүмкүн. 9-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

10-14 декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-декабрда түнкүсүн жана эртең менен түман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусу

8-декабрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 9-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

10-14-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусу

8-9-декабрларда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 10-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы ыктымал.

10-декабрда күндүз жана 11-14-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

8-9-декабрларда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 10-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

10-декабрда күндүз жана 11-14-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусу

8-декабрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 9-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн.

10-14-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

8-9-декабрларда жана 10-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

10-декабрда күндүз жана 11-14-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-10-декабрларда айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

8-декабрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 9-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

10-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 10-декабрда күндүз жана 11-14-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Ошондой эле, 15-16-декабрларда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>