«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылат
Царикаевди сабаган жарандар СИЗО-1ге киргизилди
27.10.2025 | 16:21
Бишкек шаарынын Муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбековду (Царикаев) сабаган жарандар СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук сотунун чечими менен 3 шектүү эки айга, ал эми бирөө 2 жумага камакка алынган.
Эске салсак, 25-октябрда Бишкекте Алыкулов жана Өмүр көчөлөрүнүн кесилишинде 4 адам Царикаевдин унаасын сүзүп, андан кийин өзүн сабап кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен иш козголуп, 27 жаштагы Ж.А., С.А., Э.А. жана С.Э. кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар



