Түркияда «Додик» каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

12.11.2025 | 10:32

«Додик» каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Түркияда кармалып Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 41 жаштагы М.Д.М. «Дженгонун» кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болуп, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык фактысы боюнча эл аралык издөөдө болгон. «Додик» ишенимине кирген жарандын жер тилкесин мыйзамсыз түрдө ээлеп, кийин аны сатып, алынган акчаны өзүнө алып калган. Буга чейин ал каракчылык беренеси боюнча соттолгон.

Мындан тышкары, иликтөө учурунда ал Манас шаарында курулуш компанияларынын биринен уюшкан кылмыштуу топту каржылоо үчүн батир алгандыгы аныкталган.

УКМК Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылып, эгер кимдир бирөө 41 жаштагы М.Д.М. тарабынан жабыркаган болсо же анын ишмердиги тууралуу маалыматка ээ болсо, төмөнкү байланыш аркылуу кабарлоону суранат: WhatsApp — 0995 012210.

Scroll to Top