Түркиянын атактуу кино жылдыздары Бишкекке келишти

Бишкекте түрк кино күндөрү башталды. Ачылыш аземи 4-сентябрда «Ала-Тоо» кинотеатрында өтүп, иш-чара түрк жана кыргыз тараптын маданий мекемелеринин колдоосу менен уюштурулду.
Кызыл килем аземине Түркиянын белгилүү кино жылдыздары — актрисалар Дамла Сөнмез, Йылдыз Чагры Атиксой, Эжем Сена Байыр, Дуйгу Мержан жана актёрлор Барыш Кылыч, Аныл Алтан катышты.
Иш-чаранын алкагында 4–8-сентябрь күндөрү Бишкекте Түркия менен Кыргызстандын маданий алакасын чыңдоого багытталган “Түркия–Кыргызстан түрк кино күндөрү” өтүүдө. Программада заманбап тасмалар көрсөтүлүп, режиссёрлор жана продюсерлер менен жолугушуулар уюштурулат.
Ачылышта көрүүчүлөр Түркиянын быйылкы Оскарга көрсөтүлгөн “Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири” фильмин көрүштү. Тасманын режиссёру жана башкы каарманы Мурат Фыратоглу да иш-чарага келип, залдагы көрөрмандар менен баарлашты.
Кино күндөрүнүн программасы:
- 4-сентябрь: “Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири” – реж. Мурат Фыратоглу
- 5-сентябрь: “Сүйүү байланыштары” – реж. Хакан Куршун
- 6-сентябрь: “Акылдан жүрөккө” – реж. Өзер Фейзиоглу
- 7-сентябрь: “Хай Хак Карагөз – Хаживат” (анимациялык тасма) – реж. Кенан Акташын
- 8-сентябрь: “Эрке” – реж. Онур Үнлү
Бардык көрсөтүүлөр «Ала-Тоо» кинотеатрында өтүп, кирүү акысыз.