Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кызмттан кетүүсү күтүүсүз болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.
Анын айтымында, Акылбек Жапаров өкмөт башчылык кызматка кыйын учурда келип, экономиканын өсүшү үчүн бир топ иштерди аткарды. Эми өкмөттү тыштан инвестиция тартып, экономиканы көтөрө турган киши жетектеши керек деген пикирде.
Ал жаңы өкмөт башчы ким болору тууралуу кабары жок экенин билдирди.
«Кийинки өкмөт башчы ким болорун Кудай жана президент Садыр Нуркожоевич билет», — дейт ал.
Ошол эле учурда Түлөбаев Акылбек Жапаров келерки жылы жазында кызматтан кетет деп божомол кылып жүргөнүн айтты.
Анын пикири боюнча өкмөттүн салыктарды көбөйтүү, курулуш тармагына 12% кошумча нарк салыгын киргизүү, малды касапканаларда гана союу сыяктуу демилгелери, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси баштаган салыкчылардын кармалышы Жапаровдун кызматтан алынышына себеп болушу мүмкүн.