Кыргызстанда «Кыргыз спутник» мамлекеттик ишканасы түзүлдүМСК салык милдеттенмелеринин календарын сунуштадыАКШга окууга бара турган студенттер визалык депозит төлөөгө милдеттүү эмесКыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Албанияда өткөн рейтингдик турнирде алтын уттуЖогорку Кеңеште жыйындарга онлайн катышуу тутумун киргизүү жана комитеттердин аталыштарын кайра карап чыгуу сунушталдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министри болуп дайындалды. Президент кол койду
Түн ката телефон саткан дүкөнгө кирген ууру видеого түшүп калган
24.06.2024 | 11:25
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында уурулукка шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, белгисиз жаран түнүндө Кызыл-Кыядагы телефон саткан дүкөнгө чатырын тешип кирип, PS 5 оюн жабдыгын жана iPhone үлгүсүндөгү бир нече телефонду уурдап кеткен. Бул окуядан кийин дүкөн ээси милицияга арыз жазган.
Бул факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Дүкөн ээсине 400 миң сомго жакын зыян келтирилгени аныкталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Ноокаттын 16 жаштагы тургуну кармалган.
Учурда уурдалган бумюмдар ээсине кайтарылып, тергөө иштери ууланууда.