Кыргызстанда БАДдарды дары катары жарнамалоого тыюу салуу сунушталуудаКыргызстанда акциздик маркаларды алуу процесси санариптештирилетЖыл башынан бери Ысык-Көлдүн түбүнөн 1,4 тонна таштанды чыгарылдыКыргыз дипломатиясы беш жыл ичинде чоң секирик жасады — Аликбек ЖекшенкуловВенгриянын улуттук академиясына кыргыз боз үйү белекке берилдиАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди
Түн ката телефон саткан дүкөнгө кирген ууру видеого түшүп калган
24.06.2024 | 11:25
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында уурулукка шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, белгисиз жаран түнүндө Кызыл-Кыядагы телефон саткан дүкөнгө чатырын тешип кирип, PS 5 оюн жабдыгын жана iPhone үлгүсүндөгү бир нече телефонду уурдап кеткен. Бул окуядан кийин дүкөн ээси милицияга арыз жазган.
Бул факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Дүкөн ээсине 400 миң сомго жакын зыян келтирилгени аныкталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Ноокаттын 16 жаштагы тургуну кармалган.
Учурда уурдалган бумюмдар ээсине кайтарылып, тергөө иштери ууланууда.