Санариптик өнүктүрүү министрлиги Санариптик өнүктүрүү жана инновациялар министрлиги болуп кайра аталды. Жарлыкка президент 17-мартта кол койгон. Бул тууралуу «Эркин-Тоо» гезитинин 21-марттагы санына жарыяланды.
Жарлыкка ылайык, аталган министрлик санариптештирүү, электрондук башкаруу, электрондук кол тамганы пайдалануу чөйрөсү, мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөр, идентификациялоо системасы, санариптик технологияларга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо, электр жана почта байланышы, анын ичинде радио жана телекөрсөтүү, архив иши, киберкоопсуздук, спутник технологиялары, мейкиндик маалыматтары, жасалма интеллект жана инновациялык технологиялар жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат.
Мындан тышкары Министрлер кабинетине «Түндүк» ачык акционердик коомун түзүү тапшырмасы берилген. Аталган ишканага ар кайсы министрликтерге таандык болгон төмөнкү мамлекеттик мекемелер өткөрүлүп берилет: «Түндүк», «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемелери, «Санариптик билим берүү», «Социалдык коргоону санариптештирүү», «Электрондук саламаттык сактоо» борборлору.
«Түндүк» мамлекеттик ишканасына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, фонддордун маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана техникалык кызмат көрсөтүү милдеттери жүктөлгөн.