Түркияда жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди – сүрөт

20.12.2022 | 12:17

Түркияда, 19-декабрда, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Эскерүү иш-чарасы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта өткөн.

“Залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналып өтүп жаткан бир катар иш-чаралардын алкагында 19-декабрда Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетиндеги Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багында элчилик менен Кечиорен мэриясы тарабынан уюштурулган эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага Кечиөрен муниципалитетинин мэри, элчилер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Анкара аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, студенттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркияда жашаган мекендештер катышты”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерүү иш-чарасында Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюу аземи болуп, комуздун коштоосунда кыргыз элинин улуттук күүлөрү жаңырган.

[image_carousel source=”media: 170014,170015,170016,170017,170018,170019,170020,170021,170022″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Шекер айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 2008-жылы көз жумган. Жазуучунун көзү тирүү болгондо быйыл ал 94 жашка чыкмак.

Биз дүйнөнү, дүйнө бизди өзгөртөт. Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top