Түркияда жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди — сүрөт

Түркияда жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди — сүрөт

Түркияда, 19-декабрда, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Эскерүү иш-чарасы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта өткөн.

«Залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналып өтүп жаткан бир катар иш-чаралардын алкагында 19-декабрда Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетиндеги Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багында элчилик менен Кечиорен мэриясы тарабынан уюштурулган эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага Кечиөрен муниципалитетинин мэри, элчилер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Анкара аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, студенттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркияда жашаган мекендештер катышты», — деп айтылат маалыматта.

Эскерүү иш-чарасында Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюу аземи болуп, комуздун коштоосунда кыргыз элинин улуттук күүлөрү жаңырган.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Шекер айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 2008-жылы көз жумган. Жазуучунун көзү тирүү болгондо быйыл ал 94 жашка чыкмак.

Биз дүйнөнү, дүйнө бизди өзгөртөт. Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>