Биз дүйнөнү, дүйнө бизди өзгөртөт. Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү

Биз дүйнөнү, дүйнө бизди өзгөртөт. Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү

Бүгүн, 12-декабрь кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Жазуучунун көзү тирүү болгондо 95 жашка толмок.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Талас облусунун Шекер айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 2008-жылы көз жумган.

Айтматовдун китептери дүйнөнүн 176 тилине которулуп, жер шарынын 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен басылып чыккан. Анын «Жамийла» повести ондогон тилдерге которулган. Немис тилинде гана бул повесть 37 жолу кайра басылып чыккан.

Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары кыргыз элинин гана эмес, дүйнө элдеринин адабиятын байытып, келечек муундарга таберик бойдон кала берет.

Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү:

Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу

***

Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы — үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү.

***

Эгер Ата-Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле.

***

Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт.

***

«Дос кыйынчылыкта билинет» дешет. Менимче, бактылуу кезиңде да билинет.

***

Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүң.

***

Өмүрдүн чыныгы баркы ишенимде, бактысы да ишенимде.

***

Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк.

***

Миңдеген адамдын арасында сен жалгызсың, жалгыз өзүң калганда да жалгызсың…

***

Тил — улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт.

***

Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз.

***

Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жериң тууралуу ойлонгондо, жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>