Түркиядагы зилзалада курман болгон Медина Бактачиева акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган Медина Бактачиеванын сөөгү жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маматаев Эркинбек баштаган райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана дин кызматкерлери катышты.
Нематулла ажы Жээнбеков каза болгон кыргызстандык Медина Бактачиеванын үй-бүлөсүнө облустук казыяттын атынан 30 миң сом акчалай жардам тапшырды.
Белгилей кетсек, маркум Түркия өлкөсүндө жашап эмгектенип жүргөн. Ал ушул жылдын 6-февралында Түркияда болуп өткөн зилзаладан улам каза тапкан. Анын артында 1 уулу калды.
Буга чейин Кыргызстандын 1986-жылы туулган Б.М. аттуу жараны жер титирөөнүн кесепетинен каза болгону маалымдалган. Анын сөөгү мекенине 15-февраль күнү жеткирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Түркияда каза болгон Кыргызстандын жараны мекенине жеткирилди