Бишкекте шаардык транспорт каттамдары убактылуу өзгөртөт

Бишкекте шаардык транспорт каттамдары убактылуу өзгөртөт

Курулуш-монтаждоо иштеринин алкагында автотранспорттун кыймылы токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, канализация коллекторунун курулушуна байланыштуу Асаналиев көчөсү Л.Толстой көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин коомдук транспорттун жүрүү каттамдары убактылуу өзгөртүлдү.

19-февралдан 19-мартка чейин №222,260,107,204,227,176,161,133,136,135,134 кичиавтобустук  каттамдарынын кыймыл чиймелери өзгөрөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти келтирилген  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, ошондой эле  шаар тургундарынан  алдын ала альтернативдүү жолдорду тандоону өтүнөт.

Канализация коллекторунун курулушу «Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорунун 2-фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: маршрутка

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>