Ажы башчылыкка каттоо 27-февралдан башталат (Талаптар)

Ажы башчылыкка каттоо 27-февралдан башталат (Талаптар)

Ажыларды коштоп баруучу ажы башчыларды каттоого алуу 2023-жылдын 27-февралынан 10-март (10-мартты кошо эсептегенде) саат 17:00 гө чейин облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттардагы ажыларды серверге каттоочу операторлор тарабынан жүргүзүлөт. Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдагы ажы башчылыкка талапкерлерди тандап алуу ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын чечими менен тестирлөө түрүндө өткөрүлүп, болочок ажы башчылар шарияттагы ажылык маселелери боюнча өз күчтөрүн сынашат. Тестирлөө жана баарлашуу сынагы 2023-жылдын 16-17-март күндөрү өткөрүлөт.

2023-жылдагы Ажы башчылык каттоого коюлган талаптар:

  1. Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоо тартиби биометрикалык ID-паспорттун негизинде жүргүзүлөт.
  2. Талапкердин өз колу менен Азирети Муфтийге жазылган арызы (Ажы башчылыкка талапкерлердин тизмесине кабыл алуусун сурануу).
  3. Талапкердин резюмеси (таржымал).
  4. КМДБнын түзүмүндөгү дин кызматкери катары иштеп жаткандыгы туралуу маалымкат же буйрук; (Буйрук 2022-жылдын 20-февралына чейин чыгарылган болуусу шарт. 2023-жылдын 20-февралынан кийин берилген буйруктар ажы башчылыкка кабыл алынбайт).
  5. Ажы башчылыкка талапкер кызмат өтөгөн аймакта жумуш ордуна бекиткен буйругунун негизинде тийиштүү Казыяттын эсебинде каттоого алынат.
  6. Биометрикалык ID-паспорттун жана тышкы жарандык паспортунун көчүрмөсү (биометрикалык жана тышкы паспорттордун көчүрмөсү бир баракта болуусу шарт);
  7. 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт; Сүрөт түстүү, ак фондо, матовой кагазда болуусу шарт (Ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт).
  8. Ажы башчылыкка талапкерлерден КРнын Ички Иштер Министрлигинин Маалымат Борборунан соттолбогондугу тууралуу (аныктама) маалым кат талап кылынат.
  9. Ажы башчылыкка талапкер ажылык парзын өтөгөн же умрага барган болуусу шарт; (Ажылык визасынын көчүрмөсү, эгерде паспортун жаңылаган болсо Казыяттан ажылык парзын өтөгөн же умрага барган жана Саудия мамлекетине баргандыгы тууралуу аныктама талап кылынат).
  10. 2022-жылы ажы башчылыкка тандалган талапкерлер 2023-жылдагы тандоого катыша албайт;
  11. Ажы башчылыкка талапкерлердин жашы 55 (элүү беш) жаштан ашпоого тийиш (2023-жылы 1-марттан кийин 56 жашка толгон талапкерлердин иш кагаздары кабыл алынбайт);
  12. Маалымат технологияларын өздөштүрө билүүсү шарт (өзгөчө: word, excel, ватсап ж.б.).
  13. Ажы башчылыкка талапкерлерден Республикалык жана облустук Психоневрологиялык жана Кожвендиспансерден учётто турбагандыгы тууралуу маалымкат талап кылынат.
  14. Ажы башчылыкка талапкерлердин иш кагаздарын Казыяттардын алдындагы жооптуу операторлор кабыл алат.
  15. Ар бир талапкерден өзүнө тиешелүү болгон жергиликтүү Казыяттардан ажы башчылыкка сунуштоо аныктама талап кылынат.
  16. Ажылыкта зыярат кылуучу жайлардын диндеги ордун (хаж маселесин) жакшы билип, сынак тапшыруусу;
  17. Араб тилин билүүсү;
  18. Уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү;
  19. Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган ажы башчылыкка талапкерлерге кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажы башчылыкка талапкер өзү төлөйт (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга барган ар бир ажы башчыга тааныштырып, каттоого алат).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ажы ажылык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>