Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Түркиядагы мелдеш: Махмудов менен Бейшекеев мелдешти жеңиш менен баштады
08.03.2024 | 14:57
Түркияда өтүп жаткан Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешинде кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов (77 кг) менен Раззак Бейшекеев (67 кг) биринчи беттештерин жеңиш менен баштады.
Махмудов 1/16 финалдагы алгачкы беттешинде Түркиялык Серкан Аккоюнду жеңди.
Ал эми Раззак Бейшекеев 1/16 финалда дагы бир кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов менен кез келди. Беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталып, артыкчылык упайы Бейшекеевде болгондуктан, жеңиш ага ыйгарылды.
Эми 1/8 финалда Махмудов менен Бейшекеевдин атаандаштары түркиялык балбандар болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом