Парламенттеги аялдар: теңдик, калыстык жана кысым

Парламенттеги аялдар: теңдик, калыстык жана кысым

Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 20сы аялдар. Негизи мыйзамдын талабы боюнча эл өкүлдөрүнүн 30 пайызынан кем эмеси бир жыныстуу болушу шарт.

20 айымдын үчөө жетекчилик кызматта. Жамиля Исаева вице-спикерликти аркалап, Чолпон Султанбекова менен Венера Раимбачаева парламенттик комитетти жетектеп келет.

Аялдардын көпчүлүгү партиялык тизме боюнча атайын бөлүнгөн квота менен келишкен. Бир гана Элвира Сурабалдиева Бишкектин Биринчи май райондук бир мандаттуу округунан шайланып чыкты.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, парламентте аялдарга кысым, кемсинттүү жок.  Элвира Сурабалдиеванын пикиринде, коомдогу аялзатына болгон талаптар саясаттагы айымдарга дагы күч. Андыктан алар бардык жагынан идеалдуу болуп, кесиптештерине салыштырмалуу 2-3 эселеп иштөөгө аргасыз.

Депутат айымдар көбүнчө социалдык маселелерге басым жасашат жана мындай өңүттөгү мыйзам долбоорлорду өткөрүү үчүн биригүүгө аргасыз болушат.


Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>