Американын Кыргызстандагы элчиси алмашат. Азыркы дипломат Лесли Вигеринин мөөнөтү аяктады.
Анын ордуна Брайан Стиммердин талапкерлиги каралып жаткандыгы кабарланды.
Ал буга чейин Кыргызстандагы элчиликте кеңешчи кызматында иштеген. Андан сырткары, Болгария, Түрменстан, Сербия, Япониядагы Американын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө иш алып барган.
Брайан Стиммер орусча кеңири сүйлөйт.