Исаев Асеин Кусеинович тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
«Ошол эле учурда Ниязалиев Нуран Садырович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалаган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз