Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн балыктын түрү табылды — видео

Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн балыктын түрү табылды — видео

Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз балык кармагандыгы үчүн жергиликтүү тургун кармалды. Тинтүү учурунда анын үйүнөн 195 даана жаңы синтетикалык балык уулоочу торлор табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ички иштер башкармалыгы жаратылышты коргоо жана экологиялык ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, суу объекттеринде браконьерликке каршы аракеттенүүнү камсыз кылуунун иштиктүү механизмин түзүү үчүн бир катар иш-чараларды жүзөгө ашырып келүүдө.

Жакында Түп РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кудургу айылынын жанындагы көлдүн жээгинен мыйзамсыз балык кармагандыгы үчүн 51 жаштагы К.Ю аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Андан далил зат катары 31 даана «сига-лудога» балыгы, бир алюминий кайыгы жана 6 даана балык кармоочу торлор алынган.

Райондук милициянын тергөө кызматы Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 212-беренесинин 9-пунктунун негизинде (Тинтүү жана алып коюу өндүрүшүнүн негизи жана тартиби) кармалган жарандын үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда 195 даана жаңы синтетикалык балык торлору жана 12 даана балыктын ар кандай түрлөрү табылып алынган.

Аталган факты Түп РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>