Сот жарандык активист Адилет Балтабайга өкүм чыгарды — видео

Сот жарандык активист Адилет Балтабайга өкүм чыгарды — видео

Бүгүн, 11-ноябрда Биринчи май райондук сотунда жарандык активист Адилет Балтабайдын иши каралып, ага өкүм чыгарылды.

Соттун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыкты.

“Сот мени беш жылга кести. Бирок, убакыт өтөт, балким бул же кийинки бийлик мени актап берет”, — деди активист.

Ал эми жактоочу Такен Молдокуловдун айтымында, эгерде Адилет Балтабай 3 жыл пробациялык мөөнөттүн тартиптерин бузбаса, анда ал акталып чыгышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабайга «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча кылмыш иши ачылган.  Аталган берене боюнча беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Адилет Балтабай ушул жылдын 30-июнунда милицияга суракка чакырылгандан кийин камалган. Активист Фейсбуктагы баракчасында Бишкекте өткөн казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып келген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>