Бишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөтОш шаарында жаңы Юстиция үйү ачылдыТрамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштадыМосква районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салды
Тышкы иштер министринин биринчи орун басары алмашты
11.11.2022 | 10:59
Исаев Асеин Кусеинович тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
“Ошол эле учурда Ниязалиев Нуран Садырович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалаган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат