1-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын жанында митинг өтүүдө. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогон талапкерлер, саясий партиялардын мүчөлөрү бар.
29-ноябрда өткөн митингде алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайра шайлоону, ошондой эле министрлер кабинетинин жана БШКнын мүчөлөрүнүн, анын ичинде төрайым Нуржан Шайлдабекованын отставкага кетүүсүн талап кылышкан.