Билдирүүдө буга чейин Токон Мамытов Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү өтүнүч менен кайрылганы айтылат. Министрлик жооп иретинде пневмония жана COVID-19га шектелген оорулуулар убактылуу кармоо жайынан Наркология борборуна, инфекциялык ооруканага жана Улуттук госпиталга которулары боюнча буйрук иштелип чыкканын маалымдаган.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев «Азаттыкка» буйрук күчүнө киргенин, буга чейин убактылуу кармоо жайында отурган бейтаптар жогорудагы медициналык мекемелерге которула баштаганын айтты.
26-ноябрда Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу тергөө изоляторун кыдырып чыгышкан. Уюмдун маалыматына караганда, 63 кишиге ылайыкташтырылган жерде 100 киши отурган. Ошол эле маалда алардын 32синен пневмония аныкталган.