2020-жылдын 18-майына карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1216 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Стационарда – 375, алардын ичинен 6 адам реанимацияда жатат. Ал эми илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылгандардын саны 827.
Аталган илдеттен 14 жаран каза тапты.