УКМК: абакта жатып алып теракт болот деген адам аныкталды

24.02.2020 | 11:45

Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринде теракт болот деп  жалган маалымат берген адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Такталгандай, ал 23-февраль күнү саат 13:14тө өзүн «Саид» деген ысым менен тааныштырып, саат 16.00 теракт болот деп маалымат берген.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, телефончалган адам 30 жаштагы Тагир  Султанбеков экени аныкталган. Ал 2013-жылы алдамчылыкка жана тоноого айыпталып,  9 жылга эркинен ажыратылган.

2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 170- (пара талап кылуу) жана 228-беренелери (терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо) боюнча 11 жылга соттологон.

2018-жылдын ноябрь айынан тартып №1-түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткан.

Тагир Султанбеков сурак учурунда, айып изоляторунда отурганда аталган телефон чалууну кылгандыгын мойнуна алып, №1-түзөтүү колониясындагы коркутуулардан улам бул кылмышты жасаганын айткан.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

 

Scroll to Top