УКМК акыга ДНК изилдөө боюнча кызмат көрсөтүүнү пландоодо

УКМК акыга ДНК изилдөө боюнча кызмат көрсөтүүнү пландоодо

УКМК акыга ДНК изилдөө боюнча кызмат көрсөтүүнү пландоодо. Атайын кызмат даярдаган тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Атайын кызмат билдиргендей, 2024-жылы аларда адамдын ДНК изилдөөсүн жасаган лаборатория ачылган. Анда адамдын туугандыгын аныктоо үчүн жана кылмыш боюнча изилдөө жүргүзүүгө болот. Заманбап ДНК изилдөө жасоо үчүн бир нече тамчы кан, шилекей, кийимдеги тер, бир тал чач (тамыры менен), тырмак, чегилген тамеки ж.б. эле жетиштүү.

УКМКнын ДНК лабораториясы Кыргызстанда биринчи ачылган жана жалгыз болуп саналат. Азыркы мыйзам боюнча ДНК анализ сот, тергөө, прокуратура органдарынын тапшырмасы менен жүргүзүлгөндүктөн, коопсуздук комитети жарандарга аталган кызматты көрсөтө албайт. Ал эми анализ жасаткысы келген өлкө жарандары чет жактагы лабораторияларга кайрылышат. Ошол эле учурда УКМКнын лабораториясынын толук кандуу иштеши үчүн кымбат реактивдерди, керектелүүчү материалдарды сатып алуу туруу керек. Мындан улам УКМК аларга акы алып, жарандарга ДНК изилдөө боюнча кызмат көрсөтүүгө уруксат берүүнү сунуштоодо.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>