УКМК Азимбек Бекназаровдун кармалышы боюнча үн катты

13.09.2024 | 13:38

УКМК саясатчы Азимбек Бекназаров кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга шектелип кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 2010-жылы апрелде төңкөрүш болгондон кийин банк кутучуларынан, Өкмөт үйүнөн алынган акчалардын уурдалышы жана коротулушу боюнча кылмыш иши козголгон.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровдун укук коргоо органдары тарабынан камакка алынган акчаларга ээлик кылып алууга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Кийин ал акчага Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абаддан жана Бишкектен кымбат объекттерди сатып алып, башка адамдарга каттатканы белгилүү болгон.

Аталган факт боюнча Азимбек Бекназаров 12-сентябрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Ал “кылмыштуу кирешелерди адалдоо” беренеси боюнча шектелүүдө.

Scroll to Top