УКМК: Баңгизат өндүргөн ишкана аныкталып, ээси камакка алынды – видео

УКМК: Баңгизат өндүргөн ишкана аныкталып, ээси камакка алынды – видео

Кыргызстанда «Мефедрон» аталышындагы синтетикалык баңгизаттарды даярдагандардын  ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «А.И.» аттуу адам синтетикалык баңгизаттарды үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн бардык талаптарга жооп берген дары лаборатория түзүп, анын иштөөсүн уюштуруп жаштардын арасында  синтетикалык дары-дармектерди сатуу каналын түзгөн. Ал ири көлөмдөгү баңгизаттарды сатууга аракет кылып жатканда кармалган.

Аталган адам мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн 16-апрелде кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>