УКМК Бажы кызматынын алты кызмат адамын кармады

УКМК Бажы кызматынын алты кызмат адамын кармады

Мамлекеттик бажы кызматыны алты кызматы адамы жана жеке компаниянын үч өкүлү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кытайдан товар ташууда коррупциялык схема аныкталган.

«Айрым компаниялар мамлекеттик бажы кызматынын  кызмат адамдарынын колдоосун пайдаланып, Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга транзиттик жүктөрдү жиберип турушкан. Бирок, товарлар Кыргызстандын аймагына бажылык тариздөөсүз түшүрүлүп, жасалма бажы декларациясы жана бажы идентификациялоо каражаттары менен пломбаланган бош жүк ташуучу унаалар Өзбекстанга кирип турган», — деп билдирет УКМК.

Бул кылмыш иши боюнча 16-17-мартта Мамлекеттик бажы кызматынын 6 жооптуу кызматкери жана жеке компаниялардын 3 өкүлү кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бул иште келтирилген зыян 1 млрд сомго жакын болушу мүмкүн.

Белгилүү болгондой, бажы кызматкерлери менен жеке компаниялардын өкүлдөрүнүн арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары бар.

«Бул факты боюнча акыркы күндөрү өлкөнүн социалдык мессенджерлеринде “Башкы прокуратура менен УКМКнын тиреши тууралуу» делген ишенимсиз маалыматтар тарай баштады. Буга байланыштуу УКМК коомчулукка Башкы прокуратура менен эч кандай тирешүү жок жана болушу мүмкүн эместигин маалымдайт. Бардык тергөө аракеттерине Башкы прокуратура тарабынан ыйгарым укук берилген жана процессуалдык көзөмөлүндө», — деп билдирет УКМК.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө жүрүп жатканы белгиленди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>