Бишкек шаарында курулуп жаткан объектилердин биринде Кытайдын 39 жараны мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган чет өлкөлүктөр Кыргызстандын аймагында жүргөндө туристтик визанын негизинде мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзүшкөнү такталган.
Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, чет өлкөлүк жарандар милиция бөлүмүнө жеткирилип, алардын өлкөдө болуу тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин же транзиттик өтүүнүн талаптарын бузганы үчүн административдик айып салуу менен протокол түзүлгөн.
Ошондой эле Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 93-беренесине ылайык, курулуш компаниясынын жетекчилигине чет элдиктерди эмгекке тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн протокол түзүлүп, айып пул салынган.