Кыргызстандын айыл чарба продукциясы Япония, Кытай жана Россия базарларын өздөштүрүүдөДастан Бекешев жалпы республикалык тестти мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштадыКыргызстандын Улуттук банкы рубль менен нак операциялар боюнча күндөлүк отчеттуулукту киргизүүдөКыргызстан менен KfW банкынын биргелешкен долбоорлорунун портфели кеңейтилетӨзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болдуМамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады
УКМК: Бишкектеги гараждан ири өлчөмдөгү баңгизат табылды
29.04.2024 | 13:05
Бишкекте ири өлчөмдөгү баңгизат сакталган жай аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардагы гараждардын биринен «Мефедрон» баңгизатынын реагенттери (компоненттери) жана Альфа-пирролидинопентиофенон (альфа-PVP) маңзаты табылып алынган. Табылган заттардын 300 килограммы порошок, 360 литр суюктук түрүндө болгон.
УКМК билдиргендей, аталган заттар 10 килограммдан ашык «Мефедрон» синтетикалык маңзатын даярдоого жетмек. Ал 10 миң дозаны түзүп, баңгизат саткандар 500 миң доллар пайда көрмөк.
Атайын кызмат баңгизат менен алектенген адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын белгилейт.