Сузакта жер көчкү унаа жолун жаап калды

Сузакта жер көчкү унаа жолун жаап калды

Сузак районунда жер көчкү түшүп, Балыкчы – Жалал-Абад альтернативдик жолунун 364-чакырымын жаап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, көчкүнүн көлөмү 150 миң м3, ал анын ичинен Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдик жолуна сүрүлүп түшкөн жер көчкүнүн көлөмү 1200 м/кубду түзүүдө.

Аталган жолдогу кооптуулукту жоюуга «Чайна Роуд» иш канасынын 6 инженердик оор техника тартылып, тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жер көчкү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>