Франция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталуудаСыймык Жапыкеев кармалганын жана «Кыргызтестке» жетишпей калганын билдирди
УКМК: Бишкектеги гараждан ири өлчөмдөгү баңгизат табылды
29.04.2024 | 13:05
Бишкекте ири өлчөмдөгү баңгизат сакталган жай аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардагы гараждардын биринен «Мефедрон» баңгизатынын реагенттери (компоненттери) жана Альфа-пирролидинопентиофенон (альфа-PVP) маңзаты табылып алынган. Табылган заттардын 300 килограммы порошок, 360 литр суюктук түрүндө болгон.
УКМК билдиргендей, аталган заттар 10 килограммдан ашык «Мефедрон» синтетикалык маңзатын даярдоого жетмек. Ал 10 миң дозаны түзүп, баңгизат саткандар 500 миң доллар пайда көрмөк.
Атайын кызмат баңгизат менен алектенген адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын белгилейт.