Чүй облусунда баасы 470 млн сом болгон 31,5 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган жер — «Аэродром» жер тилкеси Жайыл районунун Ак-Башат айылында жайгашып, «Буудай» ААКсына таандык болгон. 2007-жылы айрым кызмат адамдар менен акционердик коомдун жооптуу кызматкерлери сүйлөшүп алып, баюу максатында учуп-конуу тилкеси, химиялык заттарды сактоочу кампасы жана башка курулуш объекттери бар 31,5 гектар жерди менчикке чыгарып кетишкен. Жер үчүн болгону 185 миң сом төлөнгөн.
УКМК билдиргендей, ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында баасы болжол менен 470 млн сомго жеткен 31,5 гектар жер мамлекетке кайтарылды.