Курулуш министрлигинде 1,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталдыСокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылдыКыргызстандын парламентинин төрагасы Москвада эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелерин көтөрдүКыргызстан жерлерди калыбына келтирүү боюнча эл аралык программага кошулдуКытайлык компания Кыргызстанда дрон чыгаруучу завод курууну пландоодоБишкекте ысык суунун тарифи өзгөрдү
УКМК: Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровду камайм деген эмес
31.10.2020 | 12:48
“Камчыбек Ташиев айрым коррупциялык иштерге аралашкан адамдарды кеңешчи кылып алганы үчүн Садыр Жапаровду камайт” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, айрым адамдар тарабынан социалдык тармактарда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаров коррупциялык иштерге тиешеси бар адамды кеңешчи кылып алганы үчүн камаарын айтканы тууралуу жалган маалымат тарап жатат.
Буга байланыштуу УКМК жарандарды аталган маалыматка ишенбөөнү жана жогорку бийликтеги адамдарды каралоону көздөгөн маалыматтарды бөлүшпөөгө чакырат.
Ошондой эле Улуттук коопсуздук комитети жалган маалымат таратуу үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат