УКМК Кара-Сууда эки айыл өкмөттүн үйүн тинткен окуя боюнча билдирүү таратты

УКМК Кара-Сууда эки айыл өкмөттүн үйүн тинткен окуя боюнча билдирүү таратты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кара-Суу районуна караштуу Савай жана Сарай айыл өкмөт башчыларынын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү боюнча билдирүү таратты.

Билдирүүдө айтылгандай, тинтүү соттун санкциясынын негизинде жүргүзүлгөн жана эч кимге орой мамиле жасалган эмес.

«Жүргүзүлгөн тинтүүдөн кийин Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов УКМК кызматкерлери анын туугандарына орой мамиле кылгандыгын, ал эми Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев апасына орой мамиле жасалгандыгын айтып, видео кайрылуу жарыялашты. Сайпидинов ошондой эле УКМКнын төрагасы менен жеке тааныштыгы бар экенин айткан.  Өз кезегинде бул айыптоолор чындыкка дал келбейт. УКМКнын төрагасы К.Ташиев Кара-Суудан бир дагы Замир аттуу адам менен тааныштыгы жок. Ал эми тинтүү учурунда эч кимге орой мамиле жасалган эмес, Тургунбаевдин апасы УКМКнын кызматкерлерине сылык мамиле жасап, чай ичүүнү сунуштаган”, – деп айтылат билдирүүдө.

УКМК аталган тинтүү боюнча 19-ноябрда дагы маалымат берип, кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныктоо жана аларга бөгөт коюу иштеринин алкагында тинтүү жүргүзүлгөндүгүн ырастаган.

Тинтүүгө алынганы айтылган эки айыл өкмөт башчысы тең 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан. Алардын бири Мунарбек Сайпидинов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>