УКМК казакстандык ишкердин эс алуу борбору мамлекетке өткөрүлгөнүн билдирди

УКМК казакстандык ишкердин эс алуу борбору мамлекетке өткөрүлгөнүн билдирди

УКМК Ысык-Көлдөгү «Симирам» эс алуу борбору мамлекетке өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кылмыштуу кирешелерди адалдоо, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында эс алуу борбору акысыз түрдө мамлекетке өткөрүлүп берилген.

Корумду айылында жайгашкан эс алуу борбору 1 млрд 84,6 млн сомго бааланууда.

Эскерте кетсек, быйыл июлда УКМК «Симирам» эс алуу борборунун директору Самат Азаровду кармаган. Августта «Симирамдын» ээсин, казакстандык ишкер Ясынжан Таировду издөөгө алган. Ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого айыпталган.

УКМК казакстандык ишкер Ясынжан Таировду издөөгө алды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>