Чүйдүн Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтүндөгү 1 млрд 782 млн сомдук кенди мамлекетке кайтаруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган кен «Боорду» ЖЧКсы тарабынан алтын рудасын аныктоо максатында геологиялык чалгындоо жүргүзүү үчүн мыйзамсыз иштетилген. Бирок жерди бөлүп берүү жол-жобосу жүргүзүлгөн эмес жана тиешелүү уруксат берүүчү документтер жасалган эмес.
Карьердин аянты 186 гектарды түзөт. Ал эми бул кендин базар баасы 1 млрд 782 млн 656 миң сом деп эсептелген.