УКМК Ленин райондук сотунун судьясы Авазовду кармады

УКМК Ленин райондук сотунун судьясы Авазовду кармады

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, сот М.А. (Мирзат Авазов – ред.) жактоочу С.М.нын ортомчулугу аркылуу жарандык иш боюнча оң чечим чыгарганы үчүн 22 миң доллар пара алган.

Сот менен жактоочуга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана  342-берененин 3-бөлүгүнун 1,2-пункту (жооптуу кызмат адамы тарабынан ири өлчөмдө пара алуу») менен кылмыш иши козголгон. УКМК алар күнөөсүн мойнуна алганын билдирди.

Сот Мирзат Авазовдун бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Учурда Авазовдун жана башка адамдардын ушул сыяктуу иштерге катыштыгы текшерилүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>