УКМК милициянын майорун кармады

06.07.2023 | 12:13

УКМК тарабынан ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте 5-июлда ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатууга аракет кылып жаткан жеринен милициянын майору М.Р.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 267-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (“Куралды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда, кармалган кызматкер Ички иштер органында иштеген жылдардан баштап алынган тапанчаларды, мылтыктарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатуу менен системалуу түрдө алектенгени аныкталган.

Милициянын майорунун жашаган жеринен издөө жүргүзүлүп, курал-жарак жана ок-дарылар табылган. Тактап айтканда, ар кандай калибрдеги 4 мылтык, 9 даана граната; 200 даана 9мм калибрлүү ПМ патрону; 97 даана 5,45 калибрлүү АК-74 патрону; 141 даана 7,62 снайпердик мылтыктын патрондору жана 72 даана помпонун патрондору табылган.

Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына киргизилип, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичинен курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

[image_carousel source=”media: 193250,193251″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top