Эдил Байсалов баштаган делегация Индияга иш сапар менен барышты

Эдил Байсалов баштаган делегация Индияга иш сапар менен барышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Индияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Индиянын соода жана өнөр жай министри Пиюш Гойал менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары, Байсалов Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Минакши Лекхи менен да жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индиялык эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин, глобалдык жана аймактык коопсуздук маселелерин, Индиянын 2023-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) жана Чоң жыйырмалык тобуна төрагалык кылуусунун күн тартибин талкуулашты.

Тараптар заманбап чакырыктарды жеңүү үчүн эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жалпы кызыкчылыкты билдиришти.

«Кыргыз өкмөттүк делегациясынын Делиге сапары жакынкы жылдарда Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы жемиштүү кызматташууга жаңы дем берерине ишенем», — деди Эдил Байсалов.

Тараптар ошондой эле эл аралык жана аймактык платформалардын алкагында диалогду тереңдетүү жана тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантуу ниетин билдиришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>